<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><key>Am</key>
<author>Мирлан Сагынбаев</author>
<hymn_number>198</hymn_number>
<lyrics>[C1]
.     Am            Dm
   // Кимде-ким жогорудан төрөлбөсө,
.   E7              Am
   Кудайдын Падышалыгын көрө албайт.
.   F               Dm
   Кимде-ким Ыйык Рухтан төрөлбөсө,
.   E7                         (Am)
   Кудайдын Падышалыгына кир(е) албайт. //

[V1]
. Am                Dm
 Бир күнү, түн жамынып, Никедим келди:
. E7                  Am
 «Кудайдан келген Устат, Ыйса, - Сен», - деди.
. Am               Dm
 «Сен кылып жатканындай кереметтерди
. E7                   Am
 Кудайсыз эч бир адам кыл(а) албайт» - деди.

[V2]
. Am                Dm
 «Карыган адам кайра кантип төрөлөт?
. E7               Am
 Наристе болуп бешикке кантип бөлөнөт?
.Am              Dm
 Энесинин курсагына кайра кирип,
.E7                Am
 Экинчи жолу кайра кантип төрөлөт?»

[V3]
.  Am                 Dm
 «Жогорудан төрөлүү» - деп айтканыма,
.E7              Am
 Эй, адам, оозуңду ачып таң калба.
.Am                Dm
 Айланаңда эч бир адамды караба,
. E7               Am
 Шектендирген амалкөйгө эч алданба.
.Am               Dm
 Кудайдын Падышалыгын көрөм десең,
.E7              Am
 Уулуна ишенгин, эч шектенбестен.
. Am            Dm
 Кудай Падышалыгына кирем десең,
. E7                  Am
 Жалгыз Уулун кабыл алгын кечикпестен».</lyrics>
<title>Кимде-ким жогорудан төрөлбөсө ATT198</title>
</song>